Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Январь
2025
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23
24
25
26
27
28
29
30
31

Баткен, Нарын, Ош, Талас жана Чүй облустарында бир нече айылдын аталышы өзгөрдү

0
Президент Садыр Жапаров “Баткен, Нарын, Ош, Талас жана Чүй облустарынын айрым айыл аймактарын жана айылдарын кайра атоо жөнүндө” мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин администрациясы 22-январда маалымдады.



Анда мыйзам улуттук идеологияны чыңдоого, өткөн жана азыркы мезгилде кеңири белгилүү жана колдонуудагы айрым айыл аймактардын жана айылдардын аталыштарын мыйзамдаштыруу максатында иштелип чыгып, кабыл алынганы жазылган.



Бул мыйзам менен Баткен районунун Ак-Татыр айыл аймагынын Говсувар айылын Орто-Боз, Лейлек районунун Раззаков шаарынын Чимген айылын Чымкен жана Голбо айылын Алтын-Бешик, Тогуз-Булак айыл аймагынын Маданият айылын Айбике, Кыргызстандын 50 жылдыгы айылын Миң-Жыгач, Чапаев айылын Арча-Бешик, Нарын облусунун Ат-Башы районунун Кара-Суу айыл аймагынын Дыйкан айылын Чоко-Бий, Нарын районунун Жерге-Тал айыл аймагын Эсеналы Дайракунов айыл аймагы, Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Сары-Булак айыл аймагын Рыспай Абдыкадыров айыл аймагы, Өзгөн районунун Жалпак-Таш айыл аймагынын Киров айылын Кенжебай, Талас облусунун Айтматов районунун Аманбаев айыл аймагынын Куру-Маймак айылын Сатыкей, Покровка айыл аймагын Семетей айыл аймагы, Покровка айылын Семетей, Чүй облусунун Кемин районунун Чым-Коргон айыл аймагынын Новомихайловка айылын Бообек, Сокулук районунун Военно-Антоновка айыл аймагын Кожомкул айыл аймагы, Военно-Антоновка айылын Кожомкул, Ысык-Ата районунун Ысык-Ата айыл аймагынын Горная Серафимовка айылын Кебек-Бий айылы деп кайра атоо каралган.



Бул жер аталыштарын жаңыртуу боюнча чечимдер жергиликтүү жашоочулардын жыйынында кабыл алынып, жергиликтүү кеңештердин, жергиликтүү бийликтердин чечимдери жана президенттин Баткен, Нарын, Ош, Талас жана Чүй облустарындагы өкүлдөрүнүн тескемелери менен жактырылган.


Президент Садыр Жапаров 21-январь күнү  "Жалал-Абад, Нарын, Талас, Чүй жана Ысык-Көл облустарынын айрым айыл аймактарын жана айылдарын кайра атоо жөнүндө” мыйзамга кол койгон.


Бул мыйзамдарды Жогорку Кеңеш 2024-жылдын 5-декабрында кабыл алган.


Парламентте Бишкектин райондорунун аталышын өзгөртүү демилгеси да утур-утур көтөрүлүп жүрөт. 2022-жылы биринчи Элдик курултайда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Бишкектеги төрт райондун - Ленин, Октябрь, Биринчи май жана Свердлов райондорунун атын өзгөртүү маселесин көтөргөн.




Анын сунушуна Москва дароо реакция жасап, Мамдуманын депутаттары Кыргызстанда “орус тилин кодулоо болуп жатат” деген сын айтышкан. Бир катар орус басылмалары бул темага өзгөчө көңүл буруп жазышкан.


2024-жылы ноябрда бул маселени парламенттин вице-спикери Нурланбек Сыдыгалиев да көтөрүп, Бишкектеги төрт райондун аталышын да жер-суу аталыштарын өзгөртүү мыйзамына кошууну талап кылган. (ZKo)




 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
ATP

Джокович обойдёт Медведева в рейтинге ATP после выхода в полуфинал Australian Open






Эффективность и надежность: в Новой Москве завершили строительство второй очереди очистных сооружений «Кокошкино»

Профессор защитилась от взятки // Преподавателя РАНХиГС наказали условно, изменив статью обвинения

В здании у ж/д станции «Лосиноостровская» в Москве ликвидировали открытый огонь

Оплата ChatGPT в 2025 году: руководство для россиян