Прокуратура Ошто 50дөй кишиге жөлөк пул мыйзамсыз берилгенин билдирди
Факты боюнча Ош облусунун прокуратурасы Кылмыш-жаза кодексинин "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" жана "Кызматтык жасалмачылык" беренелери менен кылмыш ишин козгоду. Иш тергелип жатканы айтылды. Жөлөк пул 47 кишиге кандай шартта берилгени айтылган эмес.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин былтыр октябрдагы маалыматы боюнча, Кыргызстанда “Үй-бүлөгө көмөк” жөлөк пулдун өлчөмү - 1200 сом. Аны 76 миң 443 үй-бүлө алып жатат.
Жалпысынан 2024-жылдын июнуна карата Кыргызстанда 44 900 бала же 16 миң үй-бүлө аз камсыз болгондор категориясынан чыгарылган. Буга алардын ата-энесинин жакырчылыктан кутулганы негиз болгон.
Буга чейин коомчулукта сыналгы, муздаткычы бар үй-бүлөлөргө жөлөк пул берилбей жатканы тууралуу сөздөр айтылып келген. Бул маселе Жогорку Кеңеште дагы көтөрүлгөн.
Министрлик сыналгы, муздаткыч киреше деп эсептелбей турганын, бирок жаңы автоунаасы болсо ал эсепке алынарын белгилеген. Андан тышкары ата-энеси миграцияда жүрсө да балдарга жөлөк пул берилбейт деген норма жок. Бирок үй-бүлөдө эмгекке жарамдуу адам болсо ал министрликте жумушсуз катары каттоодо турушу керек. (КЕ)