Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Январь
2025
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23
24
25
26
27
28
29
30
31

Татарстанда коргонуу ишканаларына мигранттарды тартуу сунушталды

0

Орусияга караштуу Татарстан жумуриятында мигранттарды коргонуу ишканаларына жумушка тартуу сунушталды. Мындай демилгени республиканын Мамлекеттик кеңешинин башчысы Фарид Мухаметшин көтөрүп чыкты.

Анын айтуусуна караганда, Татарстан жумушчу күчүнүн жетишсиздигинен улам, курулуш жана тейлөө кызматтарында иштеген чет элдик жумушчулардын көбүн ири ишканаларга тартуу керек.

"Биз чет элдик жумушчу күчтү кабыл алууга аргасызбыз. Алар менен көп иштеш керек. Курулуш жана башка тармактардан тышкары да аларды пайдалануу үчүн алгач даярдоо зарыл", - деди Мухаметшин.

Айрым маалымат каражаттары жазгандай, Орусиянын президенти Владимир Путин жакында эле калк менен өткөргөн "түз байланыш" маалында өндүрүштө кадрлардын жетишсиздигин мойнуна алып, бул маселени чет элдик күчтү тартуу менен эмес, иш ыргагын күчөтүү менен чечсе болорун айткан.

Мигранттардын саны боюнча Татарстан Орусияда Москва, Санкт-Петербург жана Ленинград облустарынан кийинки эле төртүнчү орунда турат. Алардын көбүн борбор азиялыктар түзөт. Келгиндердин 36% өзбекстандыктар, 20% тажикстандыктар жана сегиз пайызы кыргызстандыктар. Расмий каттоодон 99 миң мигрант өткөн.




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
ATP

Александр Зверев и Хольгер Руне сыграют на турнире ATP-500 в Рио-де-Жанейро






Бывший председатель Петросовета Геннадий Боднарчук из колонии ушел на СВО

Кинопоиск эксклюзивно покажет матчи 2-го этапа и Финал четырех Winline Кубка России по футзалу

"Отходы в красивой банке": названы марки кофе, которые не стоит покупать даже по большой скидке

Профессор защитилась от взятки // Преподавателя РАНХиГС наказали условно, изменив статью обвинения