Ош шаарын айланып өтүүчү жолдун курулушу быйыл башталары айтылды
“Жалпы узундугу 34 чакырымды түзгөн жолдун курулушу мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорунун алкагында ишке ашырылганы турат. Бардык керектүү техникалар тартылып, тиешелүү ченемдер жасалууда. Февраль айынын башында курулушка байланышкан иштер кадимкидей жүргүзүлө баштайт”, - деди ал.
Мунун алдында транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Бекжан Рысмендеев депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, Ош шаарын айланып өтүүчү жолду салуу азырынча концепция катары гана каралганын, курулуш иштери быйыл иш планга киргизилбегенин айткан эле.
Өзгөн шаарын айланып өтүүчү кан жол 6-декабрда президент Садыр Жапаров баштаган жоон топ аткаминердин катышуусунда ачылган.
Бул - Кыргызстандагы алгачкы акы төлөнүүчү каттам. Андан өтүү үчүн жеңил унаалардан 200 сом, жүк ташуучу машинелерден 700 сом алынат.
Расмий маалыматка караганда, айланма жол мамлекеттик-жеке өнөктөштүк ыкмасы менен ишке ашырылган. Аны “Тез Жол” жана “Жагалмай” компаниялары салган. (КЕ)