Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Январь
2025
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25
26
27
28
29
30
31

"Кыргызиндустрия" ишканасынын жетекчиси Жарасул Абдураимов кызматтан кетти

0
“Кыргызиндустрия” ишканасынын башчысы Жарасул Абдураимов кызматтан алынганын Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттигинин басма сөз кызматы 24-январда билдирди.


Маалыматка караганда, анын ордуна Алманбек Исмаилов жетекчи болуп дайындалып, ушул эле күнү эмгек жамаатына тааныштырылды. Буга чейин ал 2022-жылдын апрелинен тартып алты ай “Кыргызалтын” ишканасында жетекчи болуп турган.


Абдураимов 2013-2015-жылдары “Кумтөр Голд Компани” ишканасында иштеген. “Ысык-Көл облусунда өнөр жайды өнүктүрүү жана жумуш орундарын түзүү” долбоорун жетектеген. 2020-2021-жылдары өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болгон. 2021-жылдын июль айынан 2022-жылдын январь айына чейин экономика жана коммерция министринин орун басары кызматын аркалаган. 2022-жылдын январь айында "Кыргызиндустрияга" президент болуп дайындалган, ошол эле жылдын апрель айында кошумча “Кыргызалтын" ишканасына башчы болгон, сентябрда бул кызматтан кеткен.


Ишкананы Абдураимов жетектеп турганда коротулган каражат тууралуу сын-пикирлер айтылган. 2023-жылы 16-майда Жогорку Кеңештин тармактын комитетинин жыйынында ошол кездеги депутат Жеңишбек Токторбаев Эсеп палатасынын маалыматына таянып, ишкананын жетекчилери чоң суммада айлык аларын сынга алган.


Абдураимов Эсеп палатасы туура эмес маалымат бергенин, айлык акынын көлөмүн өкмөт менен макулдашканын билдирген.


"Кыргызиндустрия" ишканасы 2021-жылдын аягында түзүлгөн, анын уставдык капиталы 1 миллиард сом болору айтылган. Өкмөт ишкананын алдында өнөр жайды, өндүрүштү чукул арада жандантууга байланыштуу бир катар тапшырма турганын билдирген. (TAb)



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Новак Джокович

Джокович снялся с полуфинального матча со Зверевым на Australian Open — 2025






Департамент городского имущества сообщает о внесении изменений в распоряжение Департамента от 06 декабря 2023 г. № 107734»

В Тюмени таксист похитил коробку с пирогами у клиента, передумавшего ехать

Гладилин: «Чемпионат России может быть трамплином для легионеров»

В «МегаФоне» прокомментировали массовый сбой Сети