Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Январь
2025
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25
26
27
28
29
30
31

Мамлекеттик оорукана жетекчилерине менчик клиникада иштөөгө тыюу салынды

0
Мамлекеттик ооруканалардын жетекчилерине жана бөлүм башчыларына бир эле убакта менчик клиникаларда дагы иштөөгө тыюу салынды. Тийиштүү мыйзамга президент Садыр Жапаров кол коюп, ал "Эркин-Тоо" гезитинин 24-январдагы санына жарыяланды. Мыйзам гезитке жарыялангандан 10 күндөн кийин күчүнө кирет.



Ага ылайык, мамлекеттик ооруканалардын жетекчилерин дайындоо кадрлар резервинен жүргүзүлөт. Резервди түзүү жана пайдалануу тартибин Министрлер кабинети аныктайт. Бейтапкананын жетекчилик мөөнөтү 5 жылды түзөт, ал эми бир эле адам катары менен эки мөөнөттөн ашык иштей албайт.


Мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын жетекчилери же бөлүм башчылары менчик саламаттык сактоо уюмдарында иштей алышпайт, бул талап аткарылбаган шартта 10 күндүн ичинде кызматтан бошотулат.




Тийиштүү мыйзамдын долбоорун Жогорку Кеңеш 19-декабрда кабыл алган.



Демилгечилер документ жарандарга сапатуу медициналык кызмат көрсөтүүгө багытталганын айтышты.



Мыйзам долбоорун депутаттар Айсулуу Мамашова, Нилуфар Алимжанова, Аида Исатбек кызы, Бахридин Шабазов, Винера Раимбачаева, Элдар Абакиров жана Айбек Маткеримов жазган.



Былтыр сентябрь айында саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Кыргызстанда 5500 дарыгер жетишпей жатканын билдирген. Саламаттык сактоо министрлиги 2023-жылы июль айында берген маалыматка караганда, Кыргызстанда 13 миң 775 жогорку билимдүү дарыгер, 33 миң 510 орто билимдүү медициналык персонал (мээрмандар жана башка адистер) иштеп турган. Андан бери системадагы штаттын саны кандай өзгөргөнү тууралуу маалымат жок.



Айрым адистер өлкөдөгү дарыгерлердин көбү жеке клиникаларда да иштешерин айтып келишет. (КЕ)




 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
ATP

Джокович обойдёт Медведева в рейтинге ATP после выхода в полуфинал Australian Open






Аргентинский певец Хосе Кура признался, что ощутил в России любовь и единение

«Приумножать достижения»: как прошел визит Путина в МГУ

"Дональд стесняется": Сигналы о переговорах Путина и Трампа становятся всё более странными. Пинчук иронично ответил "ждунам"

Ректор Школы-студии МХАТ озвучил аудиогид для Музея Москвы