Орусиянын Липецк облусунда Кыргызстандын жараны маңзат ташууга шектелип кармалды
Маалыматка караганда, Кыргызстандын 23 жаштагы жараны Москва облусунда убактылуу каттоодо турган жана синтетикалык маңзатты Липецкке алып барууга аракет кылган. "Андан ары бул затты майдалап бөлүп, таратууга максат кылган" деп айтылат маалыматта.
"Ири өлчөмдө баңгизатты, психотроптук заттарды ташуу, таратуу" беренеси менен кылмыш иши козголуп, шектүү камакка алынды.
Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, ушул тапта Кыргызстандын 1370 жараны Орусияда абакта отурат. Мындан сырткары соттун чечими чыга элек, убактылуу кармоочу жайларда отургандар дагы бар.
Соттолгондордун басымдуу бөлүгү Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин 228.1-беренесинин 4-бөлүгү ("баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун адамдардын тобу тарабынан ири өлчөмдө сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу, жөнөтүү") менен күнөөлүү деп табылган. Жогорудагы берене боюнча орус соту бир миллион рублга чейин айып пул же 10дон 20 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасын чегерет. Башкача айтканда, бул берене өзгөчө оор кылмыштар үчүн коюлат.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдиргендей, учурда Орусияда 230 миңдей кыргызстандык мигрант бар. Орусиянын абактарындагы кыргыз жарандарынын маселеси парламентте бир нече жолу көтөрүлгөн. (КЕ)