Президент Садыр Жапаров соңку маегинде Кыргызстанда адам укугу, сөз эркиндиги сакталарын, бул жаатта эч кандай көйгөй жок экенин кайталады. Президент бул баалуулуктар мамлекеттик саясаттын эң орчундуу багыты экенин айтты. Ошол эле учурда жарандык коом, айрым саясатчылар, журналисттер ачык пикир үчүн куугунтук болуп жатканын да билдирип келишет. Буга ачык пикири үчүн камалган саясатчы, журналисттердин окуялары мисал дешет. “Эксперттер талдайт” берүүсүндө саясий абал, адам укуктары жана жарандык коом тууралуу сөз кылдык