Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Январь
2025

Путин Аскар Акаевге "Орусиянын илимине эмгек сиңирген ишмер" наамын ыйгарды

0
Орусиянын президенти Владимир Путин Кыргызстандын мурдагы мамлекет башчысы, Михаил Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин профессору Аскар Акаевге "Орусиянын илимине эмгек сиңирген ишмер” наамын ыйгарды. Бул тууралуу жарлыкка 24-январда кол коюлган.


Документке ылайык, Акаевге бул наам “илимий-педагогикалык ишмердикте жогорку квалификациялуу адистерди даярдоодогу салымы жана көп жылдык ак ниет эмгеги” үчүн ыйгарылды.


Аскар Акаев Кыргызстанды 1990-2005-жылдары башкарган. 2005-жылы 24-мартта үй-бүлөлүк, авторитардык, коррупциялык бийликке каршы чыккан элдик толкундоодон кийин бийликтен кулатылган. Ал өлкөдөн чыгып кетип, ошондон бери Орусияда жашайт. Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинде эмгектенет, аталган окуу жайдын профессору.


Физика-математика илимдеринин доктору Акаев Орусиянын Илимдер академиясынын, Нью-Йорк илимий академиянын мүчөсү, бир нече илимий эмгектин автору.


Аскар Акаев 2022-жылы Кыргызстанга эки жолу келип, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте (УКМК) Кумтөр маселесине байланыштуу сурак берген. Башкы прокуратура кийин ага тагылган айыптардын баары мөөнөтү өткөндүктөн кыскартылганын билдирген.


Былтыр сентябрда ал экс-президент макамын калыбына келтирип берүү боюнча Жогорку Кеңешке кат жазган, парламент аны четке каккан. Акаев өзү бийликтен негизсиз кулатылганын айткан.



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
ATP

Российский теннисист Андрей Рублев проиграл 102-й ракетке мира и не прошел в финал турнира ATP в Монпелье






Первый международный конкурс «Интервидение» пройдёт в Москве и Подмосковье

Предприниматели Хакасии могут стать участниками первого муниципального инвестиционного форума

Тульская область вошла в ТОП-5 регионов России по внедрению Платформы обратной связи

В Государственной Думе разработали инициативы по усилению мер помощи семьям.