УКМК "Кыргызиндустриянын" мурдагы башчысы Абдураимов жана орун басары кармалганын билдирди
24-январда УКМК Башкы прокуратуранын жүргүзгөн текшерүүсүнүн жыйынтыгына таянып, кылмыш ишин козгогон.
УКМК “Кыргызиндустриянын” кызмат адамдары жеке кызыкчылыктарын көздөп, туунду компаниялар аркылуу бюджеттик каражаттарды ыйгарып алуу жана коротуу боюнча туруктуу коррупциялык схеманы түзүшкөнү аныкталганын билдирди. Анда 2022-2024-жылдар аралыгында мекеменин алдында 40тан ашуун чыгашалуу ишкана ачылып жана каржыланып, аларга бөлүнгөн каражат кайтарылгыс шартта болгон.
“Алгачкы тергөө иш-чараларынын жыйынтыгында «Кыргызиндустрия» ААКнын жетекчилиги мыйзамсыз баюу, өздөрүнө жана жакын туугандарына ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча жеке кызыкчылыгын көздөгөн деп айтууга болот. Анткени компаниянын түзүмүндө жетекчилик кызматтардын негизсиз көп саны каралып (75 кызматкердин ичинен 33ү жетекчи), аларга эмгек акылары жогору болгон туугандары, достору жана жакын санаалаштары дайындалган”, - деп жазылган маалыматта.
УКМК “Кыргызиндустрия” өнөр жайды модернизациялоо жана мамлекеттин үлүшү болгон ишканаларды натыйжалуу башкаруу үчүн 2021-жылы түзүлүп, 2022-2024-жылдары бул мекемеге 2,3 миллиард сом бөлүнгөнүн тактаган.
Абдураимовдун жана анын мурдагы орун басарынын кармалышы боюнча жакындары, адвокаттары комментарий бере элек.
Жарасул Абдураимов бир күн мурда, 24-январда “Кыргызиндустрия” ишканасынын жетекчиси кызматынан алынганы белгилүү болгон. Ал бул кызматты 2022-жылдын январынан тарта аркалап турду.
Ишкананы Абдураимов жетектеп турганда коротулган каражат тууралуу сын-пикирлер айтылган. 2023-жылы 16-майда Жогорку Кеңештин тармактын комитетинин жыйынында ошол кездеги депутат Жеңишбек Токторбаев Эсеп палатасынын маалыматына таянып, ишкананын жетекчилери чоң суммада айлык аларын сынга алган.
Абдураимов Эсеп палатасы туура эмес маалымат бергенин, айлык акынын көлөмүн өкмөт менен макулдашканын билдирген.
"Кыргызиндустрия" ишканасы 2021-жылдын аягында түзүлгөн, анын уставдык капиталы 1 миллиард сом болору айтылган. Өкмөт ишкананын алдында өнөр жайды, өндүрүштү чукул арада жандантууга байланыштуу бир катар тапшырма турганын билдирген. (TAb)