Кыргызстан менен ЕБ эки тараптуу кызматташтыкты талкуулады
Тараптар Кыргызстан менен Европа Биримдигинин ортосундагы кызматташтыктын учурдагы абалын жана келечегин, жакынкы келечекте белгиленген иш-чараларды ишке ашыруу пландарын талкуулашты.
Абакиров эки тарапты кызыктырган бардык багыттар боюнча кызматташууну өнүктүрүүгө Кыргызстан даяр экенин белгиледи.
Йосефсон кызматташуунун мындан ары дагы бекемделишине ишенимин билдирип, биримдиктин Борбор Азия аймагы менен мамилесиндеги Кыргызстандын ролу маанилүү экенин белгилеген.
Тараптар диалогду улантууну макулдашышты.
Европа Биримдиги Кыргызстандын бир топ тармагына эки тараптуу келишим, макулдашуулардын негизинде жардам берип келет. Былтыр жыл соңунда инклюзивдик жана сапаттуу билим берүүнү колдоо максатында Кыргызстанга 7 млн евро же 648,7 млн сом бөлөрү айтылган. (КЕ)