Беларуста президенттик шайлоо өтүп жатат. Бул жолу президенттик шайлоого беш талапкер ат салышууда. Алардын арасында өлкөнү 30 жылдан бери башкарып келаткан 70 жаштагы Александр Лукашенко дагы бар. Байкоочулар анын азыр да жеңип чыгарынан күмөн санашпайт. Бул ирет ал жетинчи жолу бийликке баратат.