Синнер Австралиянын ачык чемпионатын экинчи жолу утту
Өткөн жылы Синнер Даниил Медведевди финалда жеңип алган.
Бирок италиялык теннисчинин жайдын башында Франциянын ачык чемпионатына катышуу пландары үзгүлтүккө учурашы ыктымал. Допингге каршы дүйнөлүк агенттик (WADA) анын кызытма колдонуу ишин апрелде караганы жатат.
Былтыр мартта Синнер тапшырган анализде тыюу салынган клостебол заты табылган. Кийин ал стероид спортчуга массаж жасалганда жукканы айтылган.
Профессионалдык теннис ассоциациясы (ATP) териштирүү жүргүчө ага жарыштарга катышууга уруксат берген.
Профессионалдык теннис ассоциациясы (ATP) териштирүү жүргүчө ага жарыштарга катышууга уруксат берген.