Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Январь
2025
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26 27 28 29
30
31

Жалал-Абад шаарында ишкерлерден акча талап кылууга шектелген блогер кармалды

0
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) социалдык тармактарда "Жазира Осмонова" деген ат менен белгилүү болгон О.Ж.С. аттуу жаран Жалал-Абад шаарында ишкерлерден акча талап кылууга шектелип кармалганын маалымдады.


Маалыматта кармалган жаран өзүн журналисттик иликтөөлөрдү чагылдырган блогер катары тааныштырып, бизнес өкүлдөрүнөн опузалап акча талап кылгандыгы баяндалат.


“О.Ж.С. аттуу кармалган жаран И.Ч.И. аттуу ишкерди Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы базарлардын биринин ижарачыларынан “ижара акысын мыйзамсыз жыйнаган” деп айыптап, шантаж жана журналисттик иликтөө жүргүзүү опузасы менен коркутуп, андан кийин интернет тармактарга материалдарды жарыялоо жолу менен жабырлануучудан бир нече жолу ири суммадагы акча каражаттарын алган”, – деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.


УКМК Жазира Осмонова буга чейин кармалган блогер Айка Мусаева менен жакын байланышта болгонун тактап, алардын ушул сыяктуу башка фактыларга тиешеси бар-жок экендиги текшерилип жатканын кошумчалайт.


Атайын кызмат социалдык тармактарда "Айка Мусаева" деген ат менен катталган С.А.М аттуу блогер кармалганын 18-январда билдирген. Мекеме ал буга чейин Жалал-Абаддын Сузак районундагы айрым ишкерлерди жана колунда бар адамдарды социалдык тармактар аркылуу жаманатты кыларын айтып коркутуп, акча талап кылып келгенин кабарлаган.


Кармалган жарандардын жакындары жана жактоочулары соңку окуя тууралуу азырынча комментарий бере элек. (ErN)



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Арина Соболенко

Поражение Соболенко в финале Australian Open назвали неслучайным






Интервалы движения на Замоскворецкой линии увеличили из-за человека на путях

Российский актёр Юрий Колокольников снялся в третьем сезоне "Белого лотоса"

Более 2 тысяч погибших и раненых: в МИД РФ рассказали о масштабах террора со стороны ВСУ с использованием западного оружия

Кокорин грубо высказался о чемпионате России