Ташкент дүйнөдөгү абасы эң булганган шаар болду, Бишкек 12-орунда
Ушул эле күнү кечинде PM2.5 концентрациясы нормадан 34 эсе ашып, IQAir бул көрсөткүчтү "адам өмүрү үчүн өтө коркунучтуу" деп бааланган.
Мындай жогорку көрсөткүч жүрөк жана өпкө ооруларынын күчөп кетүү ыктымалдыгын жогорулатып, калктын, өзгөчө сезимтал топтордун ден соолугуна терс таасирин тийгизет. Көчөдө беткап кийип жүрүү жана аба тазалагычтарды такай колдонуу сунушталат.
Дүйнөлүк банктын маалыматына ылайык, Ташкентте жылына орто эсеп менен 3042 адам PM2.5 майда чаңынын таасиринен улам ооруга чалдыгып, каза болот.
Буга чейин Ташкент облусу менен Ташкент шаарында абаны булгаган 46 күнөскананын иши убактылуу токтотулганы маалымдалган.
IQAir жаңы рейтингинде дүйнөдөгү абасы эң булганган шаарлардын катарында Бишкек 12-орунда, Алматы 32-орунга жайгашкан.
Былтыр декабрдын соңунда Бишкек бул дүйнөлүк рейтингде биринчи орунга чыккан.
World Air Quality уюмунун иликтөөсүндө 24-декабрда Бишкектин борборундагы көрсөткүч (AQI) саат 19:00гө карата 458ди көрсөткөн. Калаанын башка бөлүктөрүндө индекс кечээ өтө кооптуу чектен - 600-760тан ашып кеткен.
Аба таза болушу үчүн бул көрсөткүч 50дөн ылдый болушу керек. (AiA)