Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Январь
2025
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26 27 28 29 30
31

Депутат Токтошев туризм тармагын тартипке келтирүүнү сунуштоодо

0
Кыргызстандагы ички жана тышкы туристтердин укуктарын коргоо жана туристтик агенттиктердин милдеттерин аныктоо тууралуу мыйзам долбоору иштелип чыгып, коомдун талкуусуна чыгарылды. Долбоор Жогорку Кеңештин расмий сайтына жарыяланды. Документте белгиленгендей, мыйзамдын долбоору бул чөйрөнү тартипке келтирүүгө багытталган.



"Мыйзам туристтик индустриянын иштешинин жалпы принциптерин аныктайт, рыноктун бардык катышуучулары үчүн туристтик агенттиктерден операторлорго, мейманканаларга, кемпингдерге жана кызмат көрсөтүүчү башка уюмдарга чейин эрежелерди белгилейт", - деп жазылган негиздеме-маалымкатында.



Жогорку Кеңештин депутаты, демилгечи Эмил Токтошев мында туристтик кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн кызыкчылыктарын коргоо негизги максаттардын бири экенин белгилеген. Ага ылайык, кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртууга, даттанууларды жана пикирлерди билдирүүнүн эффективдүү механизмдерин түзүүгө багытталган чаралар, туристтердин укуктарын бузган уюмдар үчүн жоопкерчилик каралган.




Бул демилге туристтик кызмат көрсөтүүлөргө болгон ишенимдин деңгээлин жогорулатып, туризм тармагынын туруктуу өсүшү үчүн шарттарды түзөт деп белгиленген.



Жакында Министрлер кабинети өлкөдөгү негизги инвестициялык долбоорлордун тизмесин бекиткен. Өкмөттүн басма сөз кызматынын билдиришинче, анда Асман шаарын куруу, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун, Камбар-Ата-1 ГЭСин жана “Кыргыз Куршевели” туристтик комплексин салуу өңдүү долбоорлор бар. Тизмеде туризм багытында үч долбоор бар. Өткөн апта соңунда президент Садыр Жапаров Өзбекстандагы “Амирсой” лыжа базасын көрүп келгенден кийин Кыргызстанда буга чейин экономикага, туризмге көңүл бурулбай келгенин жазган.



Министрлер кабинетинин мурдагы жетекчиси Акылбек Жапаров 7-июнда Президенттин иш башкармасына караштуу “Кыргыз Куршевель” мамлекеттик ишканасын түзгөн. Ал туризм чөйрөсүндөгү инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн шарт түзүү менен алектенери айтылган. (КЕ) 




 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Анна Курникова

Анна Курникова оказалась в инвалидной коляске. Секс-символа тенниса просто не узнать






Леденящий душу инцидент вблизи Калининграда! Французские пилоты пришли в ужас, оказавшись под прицелом С-400

Ле Пен оставила открытой возможность отставки Макрона.

Выступающая за Грузию россиянка Губанова выиграла короткую программу на ЧЕ-2025

В Новой Москве произошел пожар в многоквартирном жилом доме