Аш-той жана маркумду узатууда ашыкча чыгым кылгандарды жоопко тартуу сунушталды
Мыйзам долбоору жарандардын социалдык, экономикалык кызыкчылыктарын коргоо жана жарандардын экономикалык абалына, үй-бүлөлүк каржысына жана жашоо-турмушунун моралдык негиздерине олуттуу зыян келтирип жаткан ысырапкорчулукту чектөө максатында иштелип чыкканы документтин негиздеме-маалымкатында белгиленген.
"Акыркы жылдары той-аштарды өткөрүүдө жана маркумду узатууда элибиздин эзелтеден келе жаткан каада-салт, үрп-адаттарына коошпогон, үй-бүлөлөрдүн каржысына олутту зыян алып келе турган көрүнүштөр көбөйүүдө. Илгертеден ата-бабаларыбыз той-ашка элди бата алуу максатында чакырып келген болсо, бүгүнкү күндө ал нагыз баалуулуктар четке чыгып, "ким канча алып келет", "мен тоюна көп алып бардым эле, мага да ошончо алып келеби", "чогулган акчам, тойдун чыгымын жабар болду бекен" деген сыяктуу куру-намыстын, атаандаштыктын нугуна түшүп бараткандай. Насыяга каражат алып, той-аш өткөрүп жатышканын да угуп жүрөбүз. Мындай терс көрүнүштөрдүн артынан канчалаган үй-бүлөлөр ажырашып жатканы боюнча маалыматтарды четтен тапса болот", - деп жазылган документте.
Мыйзам долбоордун авторлору - Жогорку Кеңештин депутаттары Замирбек Мамасадыков жана Шаирбек Ташиев.
Демилгечилер мыйзамдын талаптарын бузгандарды "Укук бузуулар жөнүндө кодексте" белгиленген тартипте жоопко тартууну сунуштап жатышат.
Той-аштардагы ысырапкорчулук жана аны чектөө, тартипке келтирүү маселеси ар бийлик тушунда көтөрүлүп келет. 2022-жылы февралда президент “Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” жарлыкка кол койгон. Анда мамлекет башчы чектөөлөр ашыкча чыгымга жол бербөө максатында ишке кире турганын түшүндүргөн.
Ага улай президент бул жарлык боюнча Фейсбук баракчасында комментарий жазып, "өлүм болгон үйдө мал союлушуна тыюу салган талап колунда барына же жогуна карабай баарына бирдей колдонуларын" эскерткен.
Ушундан кийин Бишкекте ысырапкорчулук боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Бирок той-аштар мурдагыдай эле өткөрүлүп жатканы айтылып келет. (КЕ)