Ички иштер министри төрт жылда кылмыштуулук дээрлик 69% кыскарганын айтты
Ушул жылы аткарылчу иш-аракеттердин бири катары санарип милиция системасын түптөө, “Коопсуз өлкө” долбоорун ишке ашыруу, ыкчам-кызматтык ишмердикти бекемдөө жаатында курулуш иштерин жүргүзүү улантыларын кошумчалаган. Ошондой эле кылмыштуулукка жана укук бузууларга каршы күрөшүү, калкка кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу, материалдык-техникалык базаны чыңдоо, үй-бүлөлүк зомбулукка бөгөт коюп, зомбулук аракеттерин алдын алуу жаатында иш-чаралар жүргүзүлөрүн айткан.
Мамлекет башчысы ички иштер органдарынын кызматкерлеринин кесипкөйлүгүн жогорулатуу, материалдык-техникалык базасын модернизациялоо жана калк менен иштөөнү жакшыртуу зарылдыгын белгиледи.
Президент баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы туруунун, укук бузуулардын алдын алуу, кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча чараларды күчөтүүгө көңүл буруп, бир катар тапшырмаларды берген.
Өткөн жылы Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин (ИИМ) 100 жылдык маааракеси белгиленди.
Акыркы эки жылда бир нече ирет кыргызстандык активисттер жана укук коргоочулар министр Улан Ниязбековдун кызматтан кетишин талап кылып, митингге чыгышкан. Алар ИИМде тийиштүү реформа жүрбөй, аялдарга жана балдарга зомбулук күч алганын айтып чыгышкан.
2022-жылы ошол кездеги башкы прокурор Курманкул Зулушев Ош облусунда эл менен жолугушуп жатып, милициянын дарегине сын айткан. Ал айрым райондордо отчеттуулук үчүн кыйноо фактылары көп болуп жатканын, мунун натыйжасында чыныгы кылмышкерлер табылбай жатканын сындаган. (КЕ)