Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Январь
2025
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26 27 28 29 30
31

Санкциядан улам Кытай менен Индия Орусиядан мунай алууну токтотту

0
Кытай менен Индия АКШнын санкция салынбаган танкерлерин жалдоо акысы кымбат болгонуна байланыштуу Орусиядан мунай сатып алууну токтотту. Бул тууралуу Reuters агенттиги соодагерлерге шилтеме берип жазды.


Маалыматка караганда, Тынч океандагы Козьмино портунан экспорттолгон Орусиянын ESPO чийки мунайынын баасы ICE Brent менен салыштырганда баррелине 3 доллардан 5 долларга чейин кымбаттаган. Буга кеме менен жүк ташуу тарифтеринин кескин жогорулашы себеп. Мисалы, Кытайга бараткан Aframax танкери үчүн акы “бир нече миллион долларга” жогорулаган.


10-январда АКШ Орусиянын мунай жана газ экспортунан түшкөн кирешесине таасир эткен америкалык санкциялардын кеңири пакетин жарыялаган. Орусиялык эки ири мунай компаниясы Газпром Нефть жана Сургутнефтегаз чектөөгө туш болуп, 180ден ашык танкер орусиялык мунай менен мунай продуктыларын Батыштын санкцияларын бузуу менен ташыган деген айыпка кабылган. Ушундан улам мунай ташыган кемелердин кызмат акысы кескин жогорулап, Кытай менен Индиянын айрым сатып алуучулары жана порттору санкцияланган кемелерди кабыл алуудан баш тартышкан.




Индиянын Bharat Petroleum Corp Ltd компаниясынын өкүлү Reuters агенттигине компания март айындагы жеткирүү боюнча жаңы сунуштарды ала электигин жана тендердик сунуштардын саны январь, декабрь айларына салыштырмалуу төмөндөйт деп күткөндүгүн айтты.


2024-жылы орус мунайы Индиянын импортунун 36% жана Кытайдын импортунун дээрлик бештен бир бөлүгүн түзгөн.


Kpler аналитикалык фирмасынын маалыматы боюнча, акыркы санкциялар Орусиянын деңиз аркылуу ташылган мунай экспортунун 42% жакынын Кытайга ташыган танкерлерге таасирин тийгизет. АКШ Индиядан Орусиядан келген танкерлердеги мунайды 27-февралга чейин түшүрүүнү жана алар үчүн төлөмдөрдү 12-мартка төлөп берүүнү талап кылды.


Кытайда мунай ташыган кемелер санкциялардан убактылуу бошотулганына карабай жүк түшүрүүдө кечигүүлөр болгону айтылып келген.


Reuters жазгандай, Индияга орусиялык чийки мунай жеткирүүдөгү үзгүлтүктөр күнүнө 450 миң баррелге чейин жетет. Маалыматка караганда, Индиянын кайра иштетүүчү заводдору Орусиядан жеткирүүнү кыскартып, март жана апрель айларына Жакынкы Чыгыштан, Африкадан жана АКШдан кошумча жүк ташуу жолдорун издеп жатышат. (AiA)




 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Анна Курникова

Анна Курникова оказалась в инвалидной коляске. Секс-символа тенниса просто не узнать






Оценочные обсуждения. Какие изменения ждут 9-классников на госэкзаменах

Битмама и брат обменивали рубли на криптовалюту под видом сделок с недвижимостью

На борту разбившегося самолета в США находились 64 человека.

Что можно сделать армянам, чтобы предотвратить катастрофу?