Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Январь
2025
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26 27 28 29 30
31

Салык кызматы ЭТТК менен ЭЭФти жөнөкөйлөтүүнүн жаңы жолун сунуштады

0
28-январда Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков баштаган салыкчылар Кыргызстандагы ишканалардын өкүлдөрү жана эсептөө системасын иштеп чыгуу-коштоо менен алектенген компаниялардын өкүлдөрү менен жолугуп, салык төлөөдөгү инструменттерди жөнөкөйлөтүүнүн жолдорун талкуулады. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.


Кеңешмеде электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды (ЭТТК) жана электрондук эсеп-фактураны (ЭЭФ) ишкердикти жүргүзүүдө колдонулган башка эсеп системалары менен бириктирүү маселеси каралды.


Эсептөө системасы (учётная система) – бул соодада, өндүрүштө, кампада товарларды сатууну-сатып алууну, салыктарды төлөөнү, киреше-чыгашаны жана башка нерселерди эсептеген бухгалтердик жана салыктык система. Ишканалардын бухгалтерлери адатта кириш-чыгышты ошол системада эсептеп, иш алып барат.


Салык кызматынан билдиришкендей, эгер ЭТТК менен ЭЭФ эсептөө системалары менен бириктирилсе бул ишкерлерди отчёттуулугун автоматташтырып, жөнөкөйлөтөт жана каталарды азайтат.


Ачык булактардагы маалыматтарга ылайык, Кыргызстандагы ишкана-мекемелер 1С, Oracle, LiteBox, “МойСклад”, “Контур.Маркет” сыяктуу дүйнөлүк жана жергиликтүү IT компаниялардын программаларын колдонушат.


Мамлекеттик салык кызматынын жаңы жетекчиси Алмамбет Шыкмаматов менен Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев былтыр 23-декабрда Жогорку Кеңештин Бюджет, экономика жана фискалдык саясат комитетинде ЭТТК маселесине байланыштуу кайым айтыша кеткен.


Алмамбет Шыкмаматов ЭТТКны беш товарга гана - мунай заттарына, алкоголдук ичимдиктерге, тамекиге, дары-дармекке жана медициналык буюмдарга гана калтырууну сунуштап жатат. Бүгүнкү күндө ЭТТК 13 миңден ашуун ар кандай товарга колдонулат.


Мындан кийин президент Садыр Жапаров электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды (ЭТТК) колдонууну жөнөкөйлөтүү боюнча мекемелер аралык жумушчу топ түзүлгөнүн, анын сунушуна ылайык инструмент жеңилдетилерин билдирген эле.


Кыргыз өкмөтү 2022-жылдын башынан тарта өлкөдө фискалдык реформа деген негиз менен көзөмөл-кассалык машина, электрондук эсеп-фактура жана электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазы өңдүү салыктык башкарууну санариптештирүү иштерин жүргүзүп келет. Салыктык башкаруунун татаалдашуусу менен кошо эле салыктын жүгү да өсүп жатканын белгилеген соодагерлер жана ишкерлер базарларда нааразылык акцияларын өткөрүшкөн. (ErN)



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
WTA

Дарья Касаткина выбыла из топ-10 WTA






За приключения на Дальнем Востоке дадут 3 миллиона – за Чукотку и вовсе 4

Диетолог Русакова: нехватку витамина D нельзя восполнить только питанием

Почти 5 млрд потратили россияне на обручальные и помолвочные кольца в 2024 году

Оценочные обсуждения. Какие изменения ждут 9-классников на госэкзаменах