Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Январь
2025
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26 27 28 29 30
31

Сот Елена Калашниковага 150 миң сом айып салганы белгилүү болду

0
Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Туризмди өнүктүрүү фондунун мурдагы жетекчиси Елена Калашникова жана анын орун басары Александр Валитовго 150 миң сомдон айып салганы белгилүү болду. Бул тууралуу "Азаттыкка" райондук соттун маалымат кызматы 28-январда билдирди. 


Мекемеден билдиргендей, өкүм 2023-жылы 18-августта чыккан. Анда Елена Калашникова жана орун басары Александр Валитов Кылмыш-жаза кодексинин 41-берененин экинчи бөлүгү (Кылмышка кошо катышуучулардын түрлөрү) жана 245-берененин үчүнчү бөлүгү (Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануусу) менен күнөөлүү деп табылган.


Ошондой эле Кылмыш-жаза кодексинин 79-беренесине ылайык (Күнөөсүн мойнуна алуу жөнүндө келишим түзүлгөн учурда жазаны дайындоо) ар бири 150 миң сомдон айыпка жыгылган.




Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Елена Калашникова менен анын орун басарын "коррупцияга" шек санап, 2023-жылы 18-майда кармаган.


Анда уставдык капиталы 1 млрд сомдук Туризмди өнүктүрүү фонду өлкөдө туризмди өнүктүрүү максатында түзүлгөнүн, бирок акча орунсуз сарпталып, жетекчилиги өзүнө жогору маяна коюп алганын жана курулуш иштери чыныгы наркынан көбөйтүлгөн баада жүргүзүлгөнүн билдирген.


Кармалгандар ошол эле жылы 28-июлда атайын кызматтын тергөөчүсүнүн өтүнүчү менен үй камагына чыккан. Анда Калашникова 12 млн сом, ал эми Валитов 1,5 млн сомду мамлекетке төгүп, келтирилген материалдык зыяндын орду толтурулганы айтылган.


Министрлер кабинети Калашникова жетектеген уставдык капиталы 1 млрд. сомдук "Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду" ачык акционердик коомун 2022-жылы түзгөн. Тиешелүү чечимге ошол убактагы Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон. (MKt)



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
WTA

Дарья Касаткина выбыла из топ-10 WTA






В Москве обновят шпиль главного здания МГУ в 2025 году

Признание заслуг: Захар Прилепин награждён медалью Доблесть и отвага

Одна жила в Турции и у нас получала пособия, другая просила помощь и торговала лишним пылесосом с кроватями - Шахноза с Тахминой

Корпоративные авто научат парковаться // Мосгордума увеличила штраф для юрлиц за неоплату стоянки в десять раз