Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Январь
2025
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26 27 28 29 30
31

Улуттук банк эсептик ченди 9% бойдон калтырды

0
Улуттук банк эсептик ченди 9% деңгээлинде өзгөртүүсүз калтырып, ал 28-январдан тартып күчүнө кирди. Мекеменин маалыматында, 2024-жылдын декабрь айында жылдык инфляциянын көрсөткүчү 6,3 пайызды, 2025-жылдын 17-январына карата 6,5% түздү.



2024-жылдын жыйынтыгы боюнча экономикадагы өсүш 9% түзгөн.



"Экономиканын негизги секторлорунда оң динамика байкалган, ошол эле учурда кызмат көрсөтүү менен курулуш секторунда эң көп экономикалык жигердүүлүк катталган. Калктын реалдуу кирешелеринин жана жеке жактардын өлкөгө акча которууларынын таза агымынын өсүшү, ошондой эле керектөө кредиттеринин кеңейиши ички суроо-талапка колдоо көрсөткөн", - деп билдирди Улуттук банк.


Мындан сырткары дүйнөлүк азык-түлүк рынокторундагы баалар акыркы айларда өсүп жатканы, Кыргызстан менен соода өнөктөш болгон айрым өлкөлөрдө инфляциялык басым жогорку деңгээлде кармалып турганы белгиленген.



Улуттук банк эсептик ченди май айында 11 пайыздан 9% чейин түшүргөн. Эсептик чен өлчөмү боюнча кийинки отурум 24-февралда өтөт.




Улуттук банк 2022-жылга чейин эсептик ченди 7-8% тегерегинде кармап келген. Орусияга салынган эл аралык санкциялар Кыргызстандын экономикасына да олуттуу басым кылган. Мындан улам 2022-жылдын мартынан тарта өлкөдө инфляция кескин секирик жасаган. Валюта рыногунда абал курчуп, эсептик чен 14% чейин жеткен.



2023-жылдан бери 13% көрсөткүчтө кармалып келаткан эсептик ченди Улуттук банк 30-апрелде 11% түшүргөн.



Эсептик чен – инфляциялык процессти жөнгө салуучу негизги финансылык куралдардын бири болуп саналат. Ал коммерциялык банктардагы насыялар менен депозиттердин пайыздык ченине түз таасир этет.
Коммерциялык банктар өзүнүн пайыздык чендерин аныктап жаткан учурда Улуттук банктын эсептик ченине багыт алышы кажет. Улуттук банктын эсептик чени жогору болсо, коммерциялык банктардын насыялары менен депозиттеринин пайыздык чендери да жогору болот, төмөн болсо төмөндөйт. (КЕ)




 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
WTA

Касаткина вылетела из топ‑10 рейтинга WTA, Павлюченкова поднялась на девять позиций






Включили красный: почему закрываются магазины «Светофор»

"Газета.Ru" и "Мосфильм. Золотая коллекция" публикуют редкие кадры со съемок "Москва слезам не верит"

Авиарейс Дубай-Москва компании 'Победа' успешно приземлился в Москве

Что можно сделать армянам, чтобы предотвратить катастрофу?