Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Январь
2025
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26 27 28 29 30
31

Түштүк Суданда учак кырсыгынан 20дай киши каза болду

0
Түштүк Суданда учак кыйрап, 18 адам каза болгонун Miraya радиосуна шилтеме берип, Reuters агенттиги жазды. Маалыматка караганда, учакта жүргүнчүлөр менен экипажды кошкондо 21 адам болгон. Тирүү калган үч адам оор абалда ооруканага жеткирилген. Учак өлкөнүн түндүк аймагынан абага көтөрүлгөндөн көп өтпөй кулаган.


Жергиликтүү бийлик учак шаршемби күнү эртең менен өлкөнүн борбору Жубаны көздөй баратканда Unity мунай кенинин аэропортуна кулап түшкөнүн кабарлады. Анын ичинде Greater Pioneer Operating Company (GPOC) мунай компаниясынын кызматкерлери болгон. Аталган компания Кытайдын Улуттук мунай корпорациясы менен Түштүк Судандын мамлекеттик Nile Petroleum Corporation ишканасын карайт.




Алдын ала маалыматтарга караганда каза болгондордун арасында Кытайдын эки жана Индиянын бир жараны бар. Кырсыкка алып келген жагдайлар тууралуу кошумча маалымат бериле элек. Айрым маалымат каражаттары каза болгондордун саны 20га жеткенин, бир адам гана аман калганын жазышты.


Түштүк Суданда акыркы жылдары бир нече авиакырсык катталган. 2018-жылдын сентябрь айында борбор калаа Жубадан Йирол шаарына жүргүнчүлөрдү ташыган чакан учак кыйрап, 19 адам каза болгон. 2015-жылы Жубанын аэропортунан учуп чыккан орусиялык жүк ташуучу учак кулап, ондогон адам каза тапкан. (AiA)




 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
ATP

Монпелье (ATP). 2-й круг. Рублев сыграет с Юбэнксом, Бублик – с Кепфером, Оже-Альяссим – с Казо






Под руслом Москвы-реки ведется замена электрокоммуникаций

Фигурист Малинин прокомментировал падение самолета в США, где были его знакомые

КХЛ. ЦСКА — «Северсталь». Прямая трансляция: смотреть онлайн

Фильм «Туда» со Старшенбаум, снятый в Нижнем Новгороде, выйдет в прокат в мае