Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Январь
2025
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26 27 28 29 30
31

Индиядагы фестивалда кеминде 12 киши тепсендиде калып каза болду

0
Индиянын Праяграж шаарындагы Маха Кумбх Мела диний фестивалында тыгындан кеминде он эки киши каза таап, ондогон адамдар жаракат алып ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу "Би-Би-Си" радиосу жазды.


Маалыматка караганда, тыгын шаршембиге караган түнү айрым зыяратчылар үч ыйык дарыя куюлган "Носу Сангама" деген жерге баратканда жаралган.




Буга чейин жүз миллионго жакын адам зыярат кылары күтүлгөнү кабарланган. Индия өкмөтү жабыркагандар, каза болгондор бар экенин ырастады, бирок так маалымат тарата элек. Индиянын премьер-министри Нарендра Моди “жакындарын жоготкондорго” көңүл айтып, жаракат алгандардын сакайып кетишин тиледи. Өлкөнүн президенти Драупади Мурму да тепсендиде жабыркагандар үчүн дуба кыларын жазды.




Буга чейин бийлик жана полиция зыяратчыларды "Носу Сангама" эмес, башка жерде сууга түшүп, зыярат кылууга чакырган. "Би-Би-Синин" кабарчысына окуя болгон жердегилер "ыйык жерде сууга түшүүнү каалашканын" айтып беришкен.


29-январда түшкө чейин 42 миллион адам зыярат кылганы кабарланды.


Индияда 144 жылда бир жолу өтүүчү Маха Кумб Мела фестивалы 13-январда башталган. Фестивалда сууга чөмүлүү аркылуу жан дүйнөнү тазалоо керек деген түшүнүк салтка айланган. 26-февралга чейин улана турган иш-чарага катышкан индуисттердин саны  400 миллиондон ашары айтылган. (AiA)




 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
ATP

Монпелье (ATP). 2-й круг. Рублев сыграет с Юбэнксом, Бублик – с Кепфером, Оже-Альяссим – с Казо






Предполагаемого педофила из Орехово-Зуева арестовали на два месяца

Вторую очередь Ростовского кладбища построит крупный дорожный подрядчик

В Подмосковье задержан россиянин, совершивший ряд диверсий по заданию СБУ

Депутат Даванков предложил разрешить детям менять имена без согласия родителей