Камактагы Султанбековдун маселеси парламентте көтөрүлдү
“Султанбеков деген 26 жаштагы кыргыз жараны шектүү катары 70 күндөн бери ачкачылык жарыялап, анын ден соолугу коркунуч абалда. Ал бала эси ооп жыгылыптыр. Ал кылмышкер эмес, шектүү. Азыр жаш болуп чыдайт дегени менен, кудай сактасын, бир нерсе болсо ким жооп берет?” - деди Талиева.
Жыйынга катышып жаткан Жаза аткаруу кызматынын башчысынын орун басары Кемел Садыков Султанбековдун саламаттыгы дарыгерлердин көзөмөлүндө экенин айтып, ага ачкачылыкты токтотуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөнүн билдирди.
“Анын эле эмес, жалпы соттолгондордун саламаттыгы биздин медицина кызматкерлеринин көзөмөлүндө. Андан сырткары ден соолугуна залака тийиши мүмкүн деп дарыгер, тарбиячылар ага түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат”, - деп жооп берди.
Султанбеков тергөө абагында дарылануудан баш тартып, кармалгандан бери ачкачылыгын улантып жатканын адвокаты Айдана Ирсалиева 25-январда маалымдаган. 24-январда ал Бишкек шаардык милициясында тергөө иш-чарасына катышып жатканда эс-учун жоготуп жыгылганын дагы бир адвокаты Аскат Алымкулов билдирген.
Жакындары ал чектелген өлчөмдө суу жана шире гана ичип жатканын билдиришкен. Султанбеков абактан бир нече жолу бийлик жетекчилерине кайрылып, өзүнө коюлган айыптарды четке каккан жана “саясий куугунтук” деп баалаган.
Темирлан Султанбеков 2024-жылы 13-ноябрда "добуш сатып алуу" беренеси боюнча шек саналып камалган. Ал кармалган күндөн бери саясий ачкачылык кармап жатканын жарыялап, мындай чечимин "мыйзамсыз иштерге каршылык" деп түшүндүргөн.
Бишкек шаардык соту 29-январда Султанбековдун жана партия мүчөлөрү Ирина Карамушкина менен Роза Түрксевердин бөгөт чарасы боюнча апелляциялык арызды карап, райондук соттун чечимин өзгөрткөн жок.
9-январда Бишкектин Свердлов райондук соту тергөөчүнүн өтүнүчүн канааттандырып, аларды 13-февралга чейин камакта калтырган. (TSh)