Оштун мэри болуп жакында эле дайындалган Жеңишбек Токторбаев “үч айдын ичинде ишимдин жыйынтыгын көрсөтөм”, деп убада берди. Ал кыскача пландарын, каражат жагынан мамлекеттик бюджеттен колдоо болорун айтты. Таңкы саат 6да шаар башчыны "Азаттыктын" кабарчысы Даткабек Шабданбек уулу кепке тартты.