ХАМАС барымтадагы израилдик туткун Агам Бергерди бошотту
Бергер 15 ай мурда барымтага алынган беш аскер аял кызматкердин бири болчу. Калган төртөө өткөн ишембиде бошотулган.
Ушул эле күнү согушкерлердин барымтсындагы дагы эки туткун - Арбел Ягуд менен Гади Мозеса бошотулары кабарланууда. Экөө тең карапайым тургундар. Андан тышкары барымтадагы Тайланддын беш жараны дагы эркиндикке чыгары күтүлүп жатат.
ХАМАСтын кол салуусу маалында ондогон чет элдик жумушчулар да барымтага алынган.
2023-жылдын ноябрь айындагы кыска элдешүү маалында бошотулган 100дөй туткундун арасында Тайланддын 23 жараны бар болчу. Кийин Израил барымтада дагы сегиз тайланддык бар экенин, алардын экөө набыт болушу мүмкүн экенин маалымдаган.
Ал эми Израил 30-январда түрмөлөрүндөгү 110 палестинди бошотору күтүлүүдө. Алардын арасында 30 киши израилдиктерге кол салганы үчүн өмүр бою эркинен ажыратылгандар.
Макулдашуунун биринчи баскычында ХАМАС жалпы 33 адамды эркиндикке чыгарышы керек. 27-январга чейин алардын жетөө мекенине жеткирилди. Израил буга жооп катары алты апта ичинде түрмөлөрүндөгү 2000дөй палестинди бошотот.
Соңку маалыматтарга караганда, ХАМАСтын барымтасында 90дой туткун бар болчу. Алардын канчасы тирүү экени беймаалым.
Согушкерлер Израилге 2023-жылы 7-октябрда кол салганда 1200дөй адамды өлтүрүп, 250 кишини барымтага алып кетишкен. Туткундардын көбү 15 ай ичинде ар кандай шартта бошотулуп, айрымдарынын сөөгү табылган.
Хамасчылардан өч алуу максатында Израил анклавда аскердик операция баштаган. Аймактын Саламаттык сактоо мекемесинин маалыматына караганда, андан бери тилкеде 47 миңдей кишинин өмүрү кыйылды.