Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Январь
2025

Өзбекстан Түркиядан аскердик дрон сатып алууну көбөйтөрү кабарланды

0
Өзбекстан Түркиянын аэрокосмостук TUSAS компаниясы чыгарган ANKA SIHA учкучсуз аппараттарын сатып алуу боюнча макулдашууга кол койду. Бул тууралуу коргонуу өндүрүшүнө жана авиацияга адистешкен SavunmaSanayiST порталы жазды. Маалыматка караганда, дрондор Ташкентке жакын арада жеткириле баштайт.


Макулдашуунун чоо-жайы, анын ичинде дрондордун саны жана алардын баасы ачыктала элек. ANKA аскердик дрондорун Түркиянын куралдуу күчтөрү, Алжир, Казакстан, Тунис, Малайзия, Индонезия жана Чаддын армиясы колдонору белгилүү.


TUSAS компаниясы чыгарган AKSUNGUR дрону эки мотордон турат, абада 50 сааттай кармалып тура алат жана 750 кг чейинки салмактагы жүктөрдү көтөрөт.




Ал эми ANKA SIHA учкучсуз аппараты бир моторлуу, абада 30 сааттай жүрө алат жана 350 кг чейинки салмактагы жүк көтөрө алат.


2023-жылдын ноябрь айында Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Сурхандарыядагы аскердик бөлүккө барып, түрктөрдүн BAYRAKTAR TB2 дронунун учурулушуна күбө болуп келген.


Былтыр жайында Анкарага барганда Мирзиёев Kaan деп аталган заманбап бомбалоочу учактарды көргөн. Кийин Ташкентте Түркиянын коргоо министри Яшар Гүлер башында турган делегацияны кабыл алган.




 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
WTA

Касаткина проиграла американке Крюгер во втором круге турнира WTA в Абу-Даби






Суд приговорил к шести годам тюрьмы мошенника, по истории которого сняли фильм

Жители России ежемесячно тратят около 14 тысяч рублей на онлайн-покупки

Российские вкладчики нашли более прибыльную альтернативу депозитам

В России признали нежелательной деятельность The Independent Barents Observer AS