Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Январь
2025

Трамп Вашингтондогу учак кырсыгында эч ким тирүү калбаганын бышыктады

0
Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп Вашингтондо болгон учак менен тик учактын кагышуусун "үрөй учурган масштабдагы трагедия" деп атап, аман калгандар жок экенин бышыктады. Бул тууралуу ал 30-январдын таңында Ак үйдөгү брифинг маалында билдирди.


"Тилекке каршы аман калгандар жок", - деген Америка президенти өз билдирүүсүн каза болгондорду эскерүү үчүн бир мүнөттүк аза күтүүдөн баштады.


Трамп түнү менен "издөө-куткаруу иштери жүргүзүлгөнүн, ага бардык ресурстар тартылганын" кошумчалады.


Ал авиациядагы коопсуздук стандарттары начар деп, мурдагы президенттер Барак Обама менен Жо Байденди сындап өттү.




АКШнын Жарандык авиация боюнча федералдык башкармалыгы (FAA) жергиликтүү убакыт боюнча кечки саат 9 чамасында PSA Airlines авиакомпаниясынын жүргүнчү учагы жерге коно баштаган учурда Sikorsky UH-60 Black Hawk тик учагы менен кагышканын маалымдады.


Учак American Airlines авиакомпаниясынын каттамын аткарып, Вашингтонго Канзас штатындагы Вичита шаарынан учуп барган.


Лайнерде 64, ал эми тик учакта үч аскер кызматкери болгону маалымдалды.


Учакта муз үстүндө көркөм бийлөө боюнча дүйнө чемпиондору, орусиялык спортчулар Вадим Наумов менен жубайы Евгения Шишкова да болгону ырасталды. Наумов менен Шишкова 1994-жылы өткөн Дүйнө чемпионатында алтын медаль тагынышкан.




 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Пэм Шрайвер

Трофеи чемпионки Олимпийских игр по теннису Шрайвер вернулись к ней после кражи






Ольга Любимова рассказала о будущей работе с Саудовской Аравией

«Фонбет» подал иск на Анохина из-за дискредитации репутации на 100 миллионов

Стала известна программа зимнего фестиваля Башмета в Сочи

Сверхзвуковой самолёт: проект, который изменит авиацию России