Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Январь
2025

Америкада мурдагы сенатор Менендес 11 жылга эркинен ажыратылды

0
Нью-Йорктогу Федералдык сот мурдагы демократ-сенатор Боб Менендести 11 жылга эркинен ажыратуу чечимин 29-январда кабыл алды. Ал Египеттин кызыкчылыгын мыйзамсыз алдыга жылдыруу үчүн алтын куйма жана нак акча түрүндө пара алганы боюнча күнөөлүү деп табылды.


20 жылдай Нью-Жерси штатынан сенатор болгон Менендес сот арачылары аны күнөөлүү деп тапкан соң былтыр жайда Конгресстен кетүүгө аргасыз болгон.


Сот залында мурдагы сенатор көзүнө жаш алып, жазасын жеңилдетүүнү өтүндү.


Ал үй-бүлөсүнүн колдоосунан башкасынын баарын жоготконун айтты.




Тергөөнүн версиясына караганда, Менендес Нью-Жерсидеги үч ишкерди калкалаганы үчүн алардын пара алып турган. Ал өзүнүн ипотекасын жана автоунааларынын акысын да төлөткөн. Андан тышкары Египеттин кызыкчылыгын алдыга жылдырганы үчүн расмий Каирден сый акы алып жүргөн. Тактап айтканда, Египетке миллиарддаган доллар америкалык жардам жөнөтүүгө көмөктөшкөн.


Федералдык иликтөө бюросунун агенттеги Менендестин үйүнөн 500 миң доллар нак акча жана алтын куймаларды табышкан. Мурдагы сенатор өзү тагылган айыптардын баардыгын четке кагып, жогорку инстанцияга доо арыз менен кайрыларын билдирди. Буга чейин Дональд Трампты сындап келген Менендес АКШ президенти сот системасына болгон ишенимди калыбына келтирет деген үмүттө экенин кошумчалады.




 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Андрей Рублёв

Рублёв — о первом выходе в финал в сезоне: рад, что вернулся на свой уровень






Список разрешенных имен для детей: о чем законопроект и зачем он нужен

В Москве состоится чемпионат Retail Skills для специалистов торговли

Le Point: Трамп приедет в Москву на 80-летие Победы

Владимир Панков: Дмитрий Певцов и Александра Захарова возвращаются в «Ленком»