Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Январь
2025

Орусиядагы кылмышы үчүн жазасыз жүргөн кыргыз жарандары боюнча маселе парламентте көтөрүлдү

0
Кыргызстандык айрым жарандар Орусияда кылмыш кылгандан кийин жазадан качуу максатында мекенине кайтып келип, жоопсуз калууда. Бул тууралуу Москвадагы кыргызстандыктардын "Руспартнер" бирикмесинин жетекчиси Руслан Эшимов 31-январда Жогорку Кеңештин "Альянс" фракциясы менен "Элдик" тобунун биргелешкен жыйынында маалымады.


Эшимовдун сөзүнө караганда, кыргызстандыктар көбүнчө алдамчылык жана күч колдонуу менен өз мекендештеринин акчасын алып коюшат.



"Алар Кыргызстанга баса беришкенден кийин жабырлануучулар артынан келип арыз жазса, Ички иштер министрлиги (ИИМ) да, прокуратура да "кылмыш иши башка өлкөдө болгону үчүн" деп, арызын кабыл алышпайт.  Мурунку учурларда алданган жарандар жардам сурап, уюшкан кылмыштуу топ мүчөлөрүнө кайрылышчу, азыр эми андай жок", - деди ал.


Эшимов ушундан улам Кыргызстандын мыйзамдарына өзгөртүү киргизүү зарылдыгын белгилеп, учурда Орусияда кылган кылмышы үчүн жазасыз жүргөн кыргызстандыктар көп экенин эскертти.



Жогорку Кеңештин "Альянс" фракциясы менен "Элдик" тобу 31-январдагы отурумунда Кыргызстандын Орусияда миграцияда жүргөн жарандарына, алардын абалына байланышкан маселени кароодо. Депутаттарга Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ), Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин жана башка тийиштүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү маалымат берүүдө.




Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, ушул тапта Кыргызстандын 1370 жараны түрдүү кылмыштарга айыпталып, Орусиянын абактарында жаза өтөп жатышат.


ТИМ учурда Орусияда 376 909 кыргызстандык жаран миграциялык каттоодо экенин билдирген. (ZKo)




 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
ATP

Оже-Альяссим обратился к фанатам после снятия с турнира ATP-500 в Роттердаме






Весной ждите морозы посильнее зимних: синоптики дали прогноз на март и апрель

IT-лаборатория: Могилевское агентство регионального развития совместно с БРУ продолжает реализацию образовательного проекта

Столичные росгвардейцы пресекли хулиганство в торговом центре

На Троекуровском кладбище в Москве проходят похороны погибшего при взрыве в «Алых парусах» Саркисяна