Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Январь
2025

Сербияда нааразылыкка чыккан студенттер көпүрөлөрдү бөгөттөөнү көздөйт

0
Сербиялык студенттер бийликти коррупцияга айыптап, Белграддан Нови-Сад шаарына жүрүш жасашты. Алар дем алыштарда Дунай дарыясындагы үч көпүрөнү тосмолоону пландап жатышат.


Жаштар үч ай мурун Нови-Садда болгон трагедияга байланыштуу жетекчилерге нааразылыгын билдирүүдө. Былтыр 1-ноябрда ал жактагы темир жол вокзалында чатыр урап түшкөндө 15 киши каза болгон, эки киши оор жараат алган.


Студенттер адегенде кырсыктын тыкыр иликтенишин жана күнөөлүүлөрдүн жоопко тартылышын талап кылган. Андан соң алар бийлик кулак салбай жатканын айтып, өкмөттү таркатууга жана парламенттик шайлоо өткөрүүгө чакыра баштады.


Жаштарды оппозиция активисттери жана жарандык коомдун өкүлдөрү колдошууда. Алардын пикиринде, Нови-Саддагы кырсыкка бийликтеги жемкорлуктан улам вокзалдын оңдоп түздөө иштери сапатсыз жүргүзүлүшү түрткү болгон. Станция акыркы бир нече жылда кытайлыктар башында турган консорциум тарабынан эки жолу ремонттолгон.


Жаштар андан тышкары акцияларга чыккан студенттерге кол салган адамдарды табууну талап кылууда. Ошол кол салууда оор жарадар болгон студент кыздын башына операция жасалды. Бирок күнөөлүүлөр аныктала элек.


28-январда Сербиянын премьер-министри Милош Вучевич студенттердин нааразылыгынан кийин кызматтан кеткен. Өкмөт башчы акциялар “чет өлкөдөн уюштурулган” деп эсептейт.


Эртеси өлкөнүн президенти Александр Вучич 10 күндүн ичинде жаңы өкмөт түзүүнү же мөөнөтсүз парламенттик шайлоо дайындоону чечерин билдирди.


Ноябрдын этегинде кырсыкка байланыштуу 11 киши камакка алынганы кабарланган.


Аларга коомдук коопсуздукка коркунуч жаратуу жана мыйзамсыз курулуш жүргүзүү тууралуу айып тагылды.




 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
WTA

Блинкова победила Соррибес-Тормо и вышла во второй круг турнира WTA в Клуж-Напоке






«Со Христом я, или нет?» – главный вопрос новомучеников

В здоровом теле: где в ЦФО больше поклонников ЗОЖ

В Одинцове объявлен конкурс на реконструкцию более 5 км сетей водоотведения

Посол сообщил о введении Финляндией железного занавеса на границе с Россией.