Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Январь
2025

DemirBank "Керемет банк" менен операция жүргүзүүнү токтотту

0
АКШнын Каржы министрлиги санкция салган “Керемет банк” менен төлөм жана акча которуу операцияларын токтотконун 31-январда DemirBank билдирди.



Банктын сайтындагы маалыматка ылайык, 31-январдан тартып DemirBank аркылуу чет өлкөлүк жана улуттук валютада "Керемет банктын" кардарларына төлөм жана которуу операциялары жүргүзүлбөйт.



Ушундай эле акча операцияларын "Керемет банктын" кардарлары DemirBank кардарларына карата жүргүзө алышпайт.



DemirBank мындай чектөөнүн себебин жана мөөнөтүн ачыктаган жок.


"Керемет банк" менен кызматташууну убактылуу токтотконун буга чейин “Бакай банк” да жарыялаган.


15-январда АКШнын Каржы министрлиги чет элдик активдерди көзөмөлдөө башкармалыгынын жаңы санкциялар топтомун жарыялаган. Анын ичинде Кыргызстандагы “Керемет банкка” да санкция салынган.



АКШ “Керемет банктын” расмий өкүлдөрү 2024-жылдын жай айларынан бери эл аралык санкцияларды кыйгап өтүү схемаларын жүзөгө ашыруу үчүн орусиялык расмий өкүлдөр жана АКШнын “кара тизмесиндеги” “Промсвязьбанк” менен иштешип, аталган банктын атынан сыртка каражат которуп турганын” кабарлаган.



“Керемет банк” мындай чечим боюнча АКШнын Каржы министрлигине даттануу жолдогонун билдирген.



Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров 23-январда АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери менен “Керемет банктын” жана Кыргызстанда катталган “Газпромнефть Азия”, “Мунай мырза” компанияларынын санкцияга илиниши боюнча сүйлөшкөн. Кыргыз тарап анда “мунун себеби түшүнүксүз болуп жатканын” билдирип, аталган компанияларды “кара тизмеден” чыгарууну өтүнгөн.



Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевге таандык “АзияУниверсалБанк” 2010-жылдан кийин Улуттук банкка өткөрүлүп, кийин ал “Залкар Банк”, “РосинБанк” жана “Керемет банк” болуп бир нече ирет аталышын өзгөрткөн.



2024-жылы март айында банкты Финансы министрлиги сатып алып, кайра күздө жеке колго саткан. Айрым басылмалар “Керемет банк” люксембургдук компанияга сатылганын жазса, кээ бир депутаттар банк орусиялык ишкерлерге өткөнүн айтып чыгышкан. Банк өзү бул маалыматты четке каккан.




АКШ, Улуу Британия жана Жапония Орусия менен активдүү кызматташканы үчүн санкция салган Кыргызстандагы компаниялардын саны ушуну менен 10-15ке чамалады.



Президент Садыр Жапаров мурдараак "Кыргызстан Орусияга Батыш өлкөлөрү салган санкцияны кыйгап өтүүгө көмөктөшүп жатат деп айтууга негиз жок экенин" билдирген. (ZKo)




 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
WTA

Анастасия Потапова с уверенной победы стартовала на турнире WTA-500 в Линце






Тошич: «В мое время в РПЛ игроки были лучше. Уровень был совсем другой»

Shot: Самолет протаранил несколько жилых домов в Филадельфии

Торговые ряды у станции метрополитена Бабушкинская, 1997 год, Москва

МХТ отменил премьеру спектакля «Говорит Москва»