Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Январь
2025

Кадамжайда эки айылдаштын чыры өлүм менен аяктады

0
Кадамжай районунун Жеңиш айыл аймагында айылдашы сабаган 39 жаштагы О.Н. аттуу тургун райондук ооруканада каза болду. Баткен облустук Ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы “Азаттык” радиосуна маалыматты тастыктап, 29-январь күнү жабыркаган киши ооруканага түшкөн учурда Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси ("денеге оор залал келтирүү") менен кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин билдирди.


Каза болгон киши беш баланын атасы экени, ал өзүнүн айылдашы, 49 жаштагы жаран менен уруша кеткени, алган жараатынан улам ооруканага жеткирилгени кабарланды.


Маркумдун жакындары сөөк 30-январда жерге берилгенин, пикир келишпестик карыз өндүрүү, үстөк акча төлөтүүдөн келип чыкканын “Азаттык” радиосуна кабарлашты. Алар шектүүгө жеңил берене менен иш козголгонун, ал жеңил жаза алып калышы ыктымал экенин айтышты.


Шектүүнүн адвокаты жана жакындары комментарий бере элек.


Тийиштүү экспертиза дайындалганы, анын жыйынтыгы менен берене өзгөрүшү мүмкүн экени маалымдалды. (JsA)



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Андрей Рублёв

Рублев вышел в четвертьфинал теннисного турнира в Роттердаме






Как отдохнуть белгородцам 7–9 февраля

Прохор Шаляпин выпустил сингл совместно с нейросетью

Европейские банки поднимают порог: русские ищут новые финансовые убежища

В Серпухове открылась XVIII международная научно-практическая конференция