Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Январь
2025

Өзбекстан жана Азербайжан жарандарына ID-карта менен каттоого уруксат берүүнү талкуулады

0
31-январда Өзбекстан менен Азербайжандын миграция мекемелери ID-карталарды таануу маселесин талкуулашты. Онлайн кездешүүдө тараптар муну менен жарандардын эки жакка каттоосу жөнөкөйлөшөрүн жана миграция саясатындагы кызматташтыкты кеңейтерин белгилешти.


Бул тууралуу «Озодлик» радиосу жазды. Маалыматка караганда, эки өлкөнүн жарандарына чет өлкөгө чыгуу үчүн паспорт жасаттырбай эле чек арадан биометрикалык ID-карта менен өтүүгө жол ачылмакчы.


Буга чейин өзбек президенти Шавкат Мирзиеев Борбор Азияда ID-карталарды таанууну сунуш кылган.


Мындай система Кыргызстан менен Өзбекстан ортосунда киргизилген. 2023-жылдын 1-сентябрында эки өлкөнүн жарандары ID-карта менен кошуна мамлекетке кирип чыгат.


Былтыр ноябрда парламенттин жыйынында Мирзиеев өзбекстандыктар келечекте ID-карта менен Казакстанга жана Тажикстанга да кире аларын айткан.




 


 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Анна Курникова

Анну Курникову заметили в Майами в инвалидном кресле






Москва зрелищная: отрывок из книги об истории столичных плакатов

Смолян приглашают стать автором эскиза памятника героям СВО

Путин поздравил патриарха Кирилла с годовщиной интронизации

В РФ проиндексировали страховые пенсии на 9,5 процента