Азык-түлүк баасын себепсиз көтөргөн сатуучуларга, ишкерлерге чара көрүлөт
Төрөбаев өлкөдө азык-түлүктүн кору жетиштүү экенин белгилеп, бааларды көзөмөлгө алуу, комплекстүү чечимдерди кабыл алуу зарылдыгын айткан.
Жыйында айтылгандай, Экономика жана коммерция министрлиги, Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы, президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар аймактарда азык-түлүк баасын көзөмөлдөө боюнча атайын ыкчам штабдарды түзөт. Иштин жүрүшү менен президенттин администрациясына отчет берип турат.
Өткөн аптада Улуттук банк эсептик ченди 9% деңгээлинде өзгөртүүсүз калтырган. Мекеменин маалыматында, 2024-жылдын декабрь айында жылдык инфляциянын көрсөткүчү 6,3%, 2025-жылдын 17-январына карата 6,5% түздү.
Өлкөнүн негизги банкы дүйнөлүк азык-түлүк рыногундагы баалар акыркы айларда өсүп жатканы, Кыргызстан менен соода өнөктөш болгон айрым өлкөлөрдө инфляциялык басым жогорку деңгээлде кармалып турганы белгиленген. (КЕ)