Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Февраль
2025
1 2 3 4 5 6 7 8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28

АКШ Канада, Мексика жана Кытай товарларына пошлина киргизди

0
АКШда 1-февралдан тартып Канада, Мексика жана Кытай өлкөлөрүнөн ташылып келген товарларга пошлина киргизилет. Бул тууралуу Ак үйдүн маалымат катчысы Кэролайн Ливитт билдирди.


Өлкөнүн аймагына алып кириш үчүн алынчу алым (пошлина) Мексика менен Канададан 25%, Кытайдан 10% өлчөмүндө белгиленет.


Сырттан келген товарларга пошлина киргизүү азыркы президент Дональд Трамптын шайлоо алдындагы программасынын негизги бөлүктөрүнүн бири болгон.


Трамптын чечиминде белгиленгендей, аталган өлкөлөрдүн импорту АКШ экономикасынын маанилүү бөлүгү. Кошмо Штаттардын мунайды кайра иштетүүчү өнөр жай тармагынын болжол менен 20-25% Канададан келген нефтини колдонот.




Канаданын жалпы экспортунун 70% АКШга туура келет. Кошмо Штаттарга импорттолгон жашылча-жемиштин болжол менен 64% Мексикадан келет.


Жаңы киргизилип жаткан пошлина АКШнын керектөөчүлөрүнө, баанын өсүшүнө таасирин тийгизбеш үчүн кандайдыр бир чара көрүлөр-көрүлбөсүн Ак үй белгилеген жок.


Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо АКШнын кадамдарына даяр экенин жана жооп болорун билдирди. Ал жакын аралыкта Канаданы “оңой эмес күндөр жана жумалар” коштошу ыктымалдыгын айтып, өкмөт АКШга “ойлонулган жана күчтүү” жооп берерин айтты. Пошлинанын өзүн АКШга дагы, Канадага дагы “кереги жок” деп атады.


Мексиканын президенти Клаудия Шейнбаум бул маселени эки тарапка тең пайдалуу болгондой кылып АКШ менен сүйлөшүүгө даяр экенин билдирди. “Биз дайыма өз элибиздин кадыр-баркын коргоп, өзүбүздүн суверендүүлүгүбүздү сыйлайбыз жана баш ийбестен, бирдей талаптарда диалог жүргүзүүгө даярбыз. Биз күтүп туралы, мен мурда дагы айткандай, ойлонуп чечим чыгарабыз”, - деди ал.


47-президент Трамп ант берери менен дароо ондогон буйруктарга кол коюп, Мексика менен чек арада жана энергетикада өзгөчө кырдаал киргизүүнү, мыйзамсыз мигранттар өлкөдөн чыгарыларын жарыялаган.




 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Даниил Медведев

Медведев проиграл Беллуччи во втором круге турнира в Роттердаме






В новостройке на улице Кедрова более 370 москвичей получили квартиры по реновации

Персональный монстр. Жертва Артема Аблитарова рассказала о своем мучителе

Экспозицию кабинета Курбатова пополнили 12 экспонатов

Просторные и современные: новые школы в Ставрополе и Михайловске открыли двери для учеников