“Бийлик сырларынын” бул жолку коногу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин мурдагы депутаты Эркингүл Иманкожоева болду. Ал саясатка кантип аралашып калганы, 1994-2017-жылдар аралыгында өкмөт менен канадалык компаниянын ортосундагы “Кумтөр” боюнча келишпестиктердин себеби тууралуу айтып берди.