Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев кызматтан кетти
Ал 2023-жылы сентябрь айында министр болуп дайындалган.
Алымкадыр Бейшеналиев 2022-жылы июнь айынын башында “коррупцияга” айыпталып камакка алынып, ошол эле жылдын 16-июнунда кайра үй камагына чыккан. Башкы прокуратура ага чет өлкөлүк менчик компаниялардан 1 млрд 581 млн 474 миң сомго вакцина сатылып алынганы үчүн айып койгон жана Бейшеналиевге жалпысынан жети кылмыш иши козголгонун билдирген. Кийин ага козголгон бардык кылмыш иштери токтотулган.
Бул чуулуу иштерден кийин Алымкадыр Бейшеналиев 2022-жылы 19-августта президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен саламаттык сактоо министри кызматынан бошотулган. (BTo)