Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Февраль
2025
1 2 3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28

Картошка Өзбекстан менен Казакстанга былтыр эки эсе көп экспорттолду

0
2024-жылдын соңунан тартып Кыргызстанда картошка кескин кымбаттап, базардагы баасы 60-70 сомго чейин өсүп кетти.


Адистер буга негизги эки себеп - түшүмдүн жылдагыдан азыраак жыйналышы жана коңшу өлкөлөргө экспорт эки эсе көбөйүшү түрткү болгонун белгилеп жатышат.


Монополияга каршы агенттиктин өкүлү “Биринчи радиого” курган маегинде картошка Өзбекстанга жапырт ташылганын билдирген.


Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, Кыргызстан 2024-жылы картошканы Өзбекстан менен Казакстанга жылдагыдан эки эсе көп экспорттогон. Өзбекстанга 57,8 миң тонна, Казакстанга 9,4 миң тонна картошка сатылган.


Айыл чарба министрлигинин маалыматы боюнча, былтыр картошканын түшүмү азыраак болуп, жылдагыдан 7,5% аз жыйналган. Жыл ичиндеги жалпы өндүрүлгөн картошканын көлөмү 1 млн 190 миң тоннага жетет.


Түшүмдүн азайышы эгин талааларынын аянтынын 2023-жылдагыга караганда 8,4% кыскарышы менен түшүндүрүлөт.


Картошка Кыргызстандагы тогуз социалдык маанилүү азыктын катарына кирет, аны менен калктын керектөөсүн камыздоо 150% ашат деп эсептелет. (KbA)



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Елена Рыбакина

Рыбакина начала работать с бывшим тренером Динары Сафиной






В Яковлевском округе при пожаре погибли двое детей

Телеведущая Довлатова, проживающая в «Алых Парусах», не слышала звуков взрыва

Движение по улице Антонова-Овсеенко частично перекрыто из-за аварии

Воробьев: более 4,2 тыс единиц медтехники закупят для больниц Подмосковья в 2025 г