Рубионун сапарынан кийин Панама Кытайдын долбоорунан чыгууну пландап жатат
Көп узабай Панаманын президенти Хосе Рауль Мулино өлкөнүн “Бир алкак бир жол” демилгесине кошулуу келишимин узартпай койду. Кытайдын лидери Си Цзинпиндин дымактуу долбоорунун алкагында дүйнөнүн булуң-бурчуна миллиарддаган инвестициялар салынып келатат.
Мулино АКШнын администрациясы үчүн маанилүү болуп турган иммиграция маселесинде Вашингтон менен кызматташуу кадамдарын жарыялады. Ал Панаманын каналга ээлик кылганы талкууланбасын айтканы менен Бээжиндин ыктымал таасирине болгон тынчсызданууну түшүнөрүн кошумчалады.
Рубио Панама кандай кадамдарга барышы керектигин жана АКШ кандай чара көрөрүн тактаган жок.
Мулино өлкө АКШ менен жаңы инвестициялар чөйрөсүндө кызматташарын белгиледи.
Трамп буга чейин Панамага күч колдонууну жокко чыгарбасын айтып, Латын Америкадагы жана дүйнөдөгү башка өнөктөштөрүн иренжиткен.
2-февралда АКШнын президенти “Кытай Панама каналын башкарып жатканын” айтты.
“Канал Кытайга эмес, Панамага берилген. Алар макулдашууну бузушту, биз аны артка алууну көздөйбүз же башка маанилүү кадамга барабыз”, – деп айткан Трамп журналисттерге.
Кытай канал менен бизнести Гонконгдо жайгашкан компаниялар аркылуу жүргүзөт. Алар суу жолунун кире беришиндеги эки портту 25 жылдык концессиянын алкагында башкарат.
Өткөн жумада Рубио жаңжал чыгып кетсе Кытай каналды жаап сала алат деп боолгологон.
Бээжин каналды колдонууда кайсы бир роль ойногонун четке кагып, Панаманын көзөмөл кылуусун урматтарын билдирген.
Панама каналы АКШ жетектеген долбоордун алкагында курулуп, 1914-жылы ишке кирген. Ошондон бери Вашингтон анын айланасындагы тилкени да көзөмөлдөп турчу. 1964-жылы Панамада суу жолун чет мамлекет башкарат деген кандуу наарызылык акциялары тутанган.
1964-жылы тиешелүү сүйлөшүүлөрдөн кийин президент Жимми Картер каналды 1999-жылдын этегинде Панамага өткөрүү макулдашуусуна кол койгон.