Социалдык өнүктүрүү кызматы Махабат Тажибек кызынын уулу боюнча иштей баштаганы кабарланды
Анын сөзүнө караганда, Бишкектин Биринчи май райондук социалдык өнүктүрүү кызматы Ысык-Көл райондук социалдык өнүктүрүү кызматына кат жолдоп, журналисттин жашы жете элек баласынын жашаган жерин аныктоону сураган.
Иликтөөчү журналист Болот Темиров Биринчи май райондук социалдык өнүктүрүү кызматкерлери баланын таенесине телефон чалып, жакынкы күндөрү жашаган жерине барууну билдиришкенин "Азаттыкка" маалымдады.
"Өткөн жумада Бишкектин Биринчи май райондук социалдык өнүктүрүү кызматкерлери уулумдун таенесине телефон чалып, баланын өзүн жана жашаган жерин көрүү үчүн үйгө барышарын айтышыптыр. Алар баланы башка жакка жашасын деген чечим чыгарып коюшу ыктымал, бирок андай кылышпайт деген үмүттөмүн", - деди Темиров.
Бишкектин Ленин райондук соту былтыр 10-октябрда Махабат Тажибек кызы менен Болот Темировдун жашы жете элек баласын камкордукка алуу маселесин чечүүнү социалдык өнүктүрүү мекемесине тапшырган.
Ал эми Махабат Тажибек кызын Кылмыш-жаза кодексинин 41-беренеси - “Кылмышка кошо катышуучулардын түрлөрү” жана 278-беренеси – “Массалык башаламандыктар” боюнча күнөөлүү деп таап, алты жылга эркинен ажыраткан.
Махабат Тажибек кызы 33 жашта, ал Темиров Live редакциясынын негиздөөчүсү, Кыргызстандан чыгарылган журналист Болот Темировдун жубайы. Алардын ортосунда 12 жаштагы уулу бар. Учурда бала таенесинин колунда.
Буга чейин Темиров уулунун туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн 2024-жылы 16-январь күнү Бишкекте жашаган жубайын кармоо учурундагы тинтүүдө милиция кызматкерлери алып кеткенин, жубайына баласын "балдар үйүнө өткөрүп саларын" айтып коркутканын маалымдаган. Кийин уулунун күбөлүгүн милиция кызматкерлери таенесине кайтарып бергенин жазган. (ZKo)