Кыргызстандагы ашууларда жол ачык
Жолчулар атайын нөөмөт менен өзгөчө тайгак тилкелерге күнү-түнү кум-туз аралашмасын сээп жатышканы кабарланды.
Министрлик айдоочуларды кандай кырдаал жаралбасын каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин так сактоо менен тайгалакка каршы шаймандарды ала жүрүүгө чакырууда.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) 30-январдан 1-февралга чейин жааган жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүп, кар күрткүсү пайда болушу мүмкүн экенин эскерткен.(ZKo)