Кыргызстанда былтыр өрт кырсыгынан 47 адам каза болду
Расмий маалымат боюнча, 2023-жылы баш-аягы 3 498 өрт кырсыгы катталып, 35 адам каза таап, 31 киши жаракат алган. Материалдык чыгым 1 млрд 410 млн 377 миң сом болгон.
Өрт кырсыктарынын көбү электр жабдууларын этиятсыз колдонуудан улам чыгат. Андан тышкары мештерди жана морлорду колдонууда да өрт коопсуздугу сакталбаганы тилсиз жоонун негизги себептеринин бири экени айтылып келет. (BTo)