Түркмөнстанда пенсия курагындагы адамдар жылына эки жолу тирүү экенин далилдөөгө милдеттүү. Бул талап 2018-жылы күчүнө кирген. Ага байланыштуу мамлекеттик мекемелерге барып, өздүгүн далилдөөгө аргасыз болгон кары-картаңдар жана майыптар ушул күндөрү пенсиясыз калуу коркунучуна кептелип турушат.