Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Февраль
2025
1 2 3 4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28

Облустук шаар куруу башкармалыгынын башчысы пара талап кылууга шектелүүдө

0
Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын Ысык-Көл облусу боюнча өкүлчүлүгүнүн башчысы М.К. пара талап кылууга шектелүүдө. Бул тууралуу 4-февралда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кабарлады.


Мекеме тараткан маалыматка караганда, М.К. Ысык-Көл районунун Бостери айылында жайгашкан жер тилкелеринин башкы планын текшерүү учурунда жергиликтүү тургунду пара берүүгө мажбурлаган.



Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси ("пара талап кылуу") боюнча кылмыш иши козголду. Шектүү 3-февралда мурда алган параны кайтарып берип жаткан жеринен кармалганы маалымдалды. Ал Каракол шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.



Азыркы учурда тергөө иштери жүргүзүлүп жатканы кабарланды.


Шектүүнүн жакындары жана адвокаты комментарий бере элек.




Эки күн мурда УКМК Эсеп палатасынын башкы инспектору пара менен кармалганын маалымдаган.



Президент Садыр Жапаров 2024-жылы 31-декабрда коррупцияга айыпталгандарга жазаны күчөтүү тууралуу мыйзамга кол койгон. Ага ылайык, “Коррупция” беренеси менен соттолгондорго мамлекеттик кызматта иштөөгө өмүр бою тыюу салынат. (КЕ)




 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
WTA

Рыбакина и Путинцева узнали свои места в новом рейтинге WTA






Многодетного отца из Екатеринбурга хотят депортировать из России

Буйный пассажир напал с ножом на экипаж самолёта, летевшего из Нижнего Новгорода в Сочи

Землепользователям Москвы напомнят об основаниях для оформления сервитута

Лавров раскрыл причину попыток Запада отстранить Россию от диалога по Сирии