УКМК Ошто “Нейтрал” жаштар тобунун мүчөлөрү кармалганын билдирди
Атайын кызматтын маалыматына ылайык, 9-январда сөз болуп жаткан топтун мүчөлөрү А.Б.Ага бычак сайып, ага Ош облустук ооруканасында бир нече жолу операция жасалган.
Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, 24 (И.Э.И.) жана 23 жаштагы эки адам кармалып, камакка алынган. Коопсуздук органы Ош шаарында өз ара уюшулган жаштардын тобуна тиешеси бар делген дагы үч жигит (Х.Н. У., Т.А.Т. жана Т.Т.Т.) аныкталып, аларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөнүн кошумчалады.
УКМК жаштарды, анын ичинде спортчуларды ар кандай топтордун мыйзамсыз иштерине аралашпоого чакырды. (BTo)