Бакыт Төрөбаев картошканын баасын ортомчулар көтөрүп жибергенин айтты
Анын сөзүнө караганда, Нарын, Ысык-Көл облустарында, Кемин жана Чоң-Алай райондорунда Кыргызстандагы муктаждыкты жаба турган картошканын көлөмү бар.
Бакыт Төрөбаев ортомчуларды дыйкандардан картошканы сатып алгандан кийин ага беш сомдон ашык кошпоого чакырып, эгер баа негизсиз көтөрүлүп кетсе Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы чара көрөрүн билдирди.
“Дыйкандар картошкасын 35-40 сомдон сатып жатышат. Алар бул баага ыраазы. Бирок ортомчулар базарларда бааны көтөрүп салышты. Ошто картошканын дүң баасы 60 сомго чыгып кеткен экен, биз иш алып баргандан кийин 49 сомго түштү. Ортомчулар ашыкча кошуп жибербеш керек”, - деди ал.
2024-жылдын соңунан тартып Кыргызстанда картошка кескин кымбаттап, базардагы баасы 60-70 сомго чейин чыгып кетти. Адистер буга негизги эки себеп - түшүмдүн жылдагыдан азыраак жыйналышы жана коңшу өлкөлөргө экспорт эки эсе көбөйүшү түрткү болгонун белгилеп жатышат.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги картошканы экспорттоого убактылуу чектөө киргизүү маселесин карап жатканын кабарлаган.
Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, Кыргызстан 2024-жылы картошканы Өзбекстан менен Казакстанга жылдагыдан эки эсе көп экспорттогон. Өзбекстанга 57,8 миң тонна, Казакстанга 9,4 миң тонна картошка сатылган.
Айыл чарба министрлигинин маалыматы боюнча, былтыр картошканын түшүмү азыраак болуп, жылдагыдан 7,5% аз жыйналган. Жыл ичиндеги жалпы өндүрүлгөн картошканын көлөмү 1 млн 190 миң тоннага жетет.
Түшүмдүн азайышы эгин талааларынын аянтынын 2023-жылдагыга караганда 8,4% кыскарышы менен түшүндүрүлөт. Картошка Кыргызстандагы тогуз социалдык маанилүү азыктын катарына кирет, аны менен калктын керектөөсүн камыздоо 150% ашат деп эсептелет. (BTo)