Башкы прокуратура Эркин Мамбеталиевди актаган өкүмдөрдү жокко чыгарууну өтүндү
Көзөмөл органы муну менен Жогорку соттун буга чейинки 2009, 2010 жана 2011-жылдардагы токтомдорун жокко чыгарууну өтүнгөн.
Буга байланыштуу соттук отурум 4-февралга белгиленди.
"Акипресс" маалымат агенттиги Мамбеталиевдин иши кримтөбөл Рысбек Акматбаевдин өлүмүнө байланыштуу экенин жазды.
Башкы прокуратура бул боюнча комментарий бере элек.
Эркин Мамбеталиевди 2024-жылы 8-августта Бишкектин көчөлөрүнүн биринде Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкерлери кармаганы кабарланган.
9-августта УКМК расмий маалымат таратып, Эркин Мамбеталиев кримтөбөлдөр Камчы Көлбаевдин жана Рысбек Акматбаевдин криминалдык чөйрөсүндөгү "кылмыштуу байланыштарынан жана андагы өзгөчө таасиринен пайдаланып, алардын колдоосу менен коммерциялык мүнөздөгү жеке маселелерди чечкени аныкталганын" билдирген.
25-сентябрда атайын кызмат Мамбеталиев баасы 5 миллион 716 миң 307 АКШ долларына (489 миллион 886 миң сомго) бааланган бир катар мүлкүн мамлекетке өткөрүп бергенин маалымдаган.
Эркин Мамбеталиев Кыргызстандын мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы жансакчысы. Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү деген шек менен бир катар оор кылмыштарга айыпталып, аны өмүрүнүн акырына чейин эркинен ажыраткан өкүмдөр да чыккан. Бирок соттун чечими менен өкүмдөр жокко чыгарылып, ал бошотулган.
Мамбеталиевдин адвокаттары, жакындары Башкы прокуратуранын соңку билдирүүсү боюнча комментарий бере элек. Ал өзү азыр абакта кармалууда.
УКМК 2023-жылы буйрутма киши өлтүрүүлөр сериясына тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө көп жыл мурун кримтөбөл Рысбек Акматбаевдин өлүмүнө алып келген кылмыштын бети ачылганын кабарлаган.(КЕ)