Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Февраль
2025
1 2 3 4 5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28

Тбилисинин экс-мэри баштаган демонстранттар жол торогону үчүн айыпталууда

0
Грузияда сегиз киши, арасында Тбилисинин мурдагы мэри, оппозициялык саясатчы Гиги Угулава кылмыш беренеси менен кармалды. Алар соода борборунун жанындагы кан жолду бууганы үчүн айыпталууда.


Ички иштер министрлиги айыпталып жаткандар 2-февралда эскертүүлөргө карабай акция маалында эл аралык маанидеги кан жолду бөгөттөгөн деп билдирди. Күнөөлүү деп табылса, алар 4 жылга чейин эркинен ажыратылышы ыктымал.


“Эхо Кавказа” сайты жазганына караганда, 31-январда башкаруудагы “Грузин кыялы” партиясы мыйзамга өзгөртүү киргизип, “ички жана эл аралык маанидеги жолдорду” стратегиялык жайлардын катарына киргизген.


Ички иштер министрлиги жолду тороого катышкан калган адамдарды аныктоо аракети жүрүп жатканын кошумчалады.


2-февралдагы акцияда 31 демонстрант кармалган.


Грузияда былтыркы күздөн бери бийликке каршы нааразылык тынчыбай жатат.


“Грузин кыялы” партиясы Тбилисинин Евробиримдикке кошулуусу боюнча сүйлөшүүлөрдү 2028-жылга чейин токтото туруу чечимин жарыялаганда өлкөдө акциялар тутанган.


Демонстрациялар күч менен таркатылып, жүздөгөн адам кармалган. Акциялардын катышуучуларын полиция уруп-сабаган фактылар катталган.


Саясий кризис ага чейин эле "Грузин кыялы" партияcы октябрдагы шайлоодо жеңгенден бери курчуган. Оппозиция жана эл аралык байкоочулардын баамында, ал шайлоо добуштарды сатып алуу, бурмалоо, коркутуп-үркүтүү жана зордук-зомбулук фактылары менен коштолгон.




 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
WTA

Блинкова победила Соррибес-Тормо и вышла во второй круг турнира WTA в Клуж-Напоке






В Москве участники потасовки со стрельбой поспорили из-за машины

40 новых камер фотовидеофиксации заработали на дорогах Красноярского края

Переговоры о судьбе российских военных баз в Сирии продолжаются, заверил глава МВД страны

Стояногло заявил об использовании режимом Санду прокуратуры для зачисток оппозиции